Талант Мамытов Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 8-январда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга байкоочулардын катышуусу жогорку мааниге ээ экенин белгиледи.

"Сиздердин бааңыздар өтө маанилүү. Анткени, жаңы шайланган мамлекет башчыбыз өлкөбүздүн атынан эл аралык аренага чыгып, биздин аймактык өнөктөштөрүбүз менен болгон кызматташтык алакаларда өкүлчүлүк кылат" - деди Мамытов.

Өз кезегинде ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын координатору Режеп Шекер Кыргыз мамлекетиндеги бул шайлоого түрк тилдүү мамлекеттердин парламент өкүлдөрү байкоо саларын маалымдап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Талант Мамытовго да ыраазычылык билдирди. Муну менен катар Режеп Шекер ТүркПАнын байкоочулар миссиясы шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө жигердүү катышып, дайыма тең салмактуу жана ар тараптуу баа берүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттерине өкүлдөрү аркылуу салам жолдоду.

Ошондой эле төрага ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын шайлоолорго мониторинг жүргүзүү тажрыйбасына жогору баасын берип, бул өнөктөштүк эл аралык аренада биримдиктин ролунун бекемделишине чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан