Жогорку Кеңештин 3-октябрдагы жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу "Ата Мекен" фракциясынын демилгесин колдобогону үчүн сындады. "Биз 20 жыл кийинкини да ойлонушубуз керек. Денонсациялоого аракет кылуудан коркуп жатсаңыз айтыңыз",- деди депутат. Буга өкмөт башчы: "Кумтөр" келишимин денонсациялап коюп баатыр болмокмун. Бирок андан кийин Кыргызстандын экономикалык, эл аралык аренадагы абалы эмне болот эле? Мен эл менен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мисалы, депутаттарда укук бар, денонсациялоо боюнча мыйзам долбоор жазып чыгып Жогорку Кеңешке сунуштасын да ишке ашыра берсин",- деди.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.