Бүгүн, 9-январда өлкөдө шайлоо участкаларына бара албагандар добуш берип жатышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары төмөнкү шайлоочулар добуш бере алышат:
Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, убактылуу жүргөн ордунда добуш беришет:
Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.