БШКнын төрайымы эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Орусиянын эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шайлдабекова чет өлкөлүк кесиптештерине алдыдагы шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

“Шайлоо процессинин айкындуулугун жана добуш берүү жыйынтыктарынын аныктыгын камсыздоодогу жетишкендиктер эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн жетишсиз болуп калды. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укук маданиятын арттыруунун үстүндө иштөө дагы маанилүү. Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга карата чара көрүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлдү. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топ сапаттык жаңы деңгээлде иштөөдө. Өкмөт шайлоо процессинин убагында бузууларга каршы натыйжалуу аракеттенүү түрүндө өз эркин көрсөткөнү буга түрткү болду.”, - деп белгиледи ал.

БШК башчысы эл аралык байкоочуларга учурдагы өнөктүктүн жүрүшүндө добуштарды сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү күч-аракеттерди жумшоонун артыкчылыктуу багыттары болуп калууда, себеби ал бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүн бурмалаган факторлордон болууда деп билдирди.

КР БШК башчысы эл аралык байкоочуларды аталган топтун ишине байкоо жүргүзүүгө чакырды.

“Шайлоо процессинин убагында бузуулардын деңгээли төмөндөгөнү белгиленүүдө. Бузууларга байланыштуу жалпысынан 500 билдирүү түшкөн мурдагы шайлоо өнөктүктүгүнө салыштырганда азыркы учурда бул сан 75ти гана түзүүдө ”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан