Жылдын алгачкы хайпы. Курал Чокоев чуулгандуу долбоору тууралуу үн катты

Эстрада ырчысы Курал Чокоев Ютубдагы каналына шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы долбоорду жүктөп, чуу жаратты. Анда Курал Чокоев алып баруучулукту аркалап, дагы актёр мырзалар болуп эл көзүндөгү адамдар менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бирок долбоордо маданият өкүлдөрү сөгүнүп-сагынган сөздөр менен маек төрдүн коногун аша чаап мазактаганын көрүүгө болот.

Бул видео интернет желесине тарагандан кийин коомдо кызуу талкуу болуп, ырчыны катуу сынга алышты. Курал Чокоев чуулгандуу долбоорду мындан ары тартууну улантабы, жокпу убакыт көргөзөрүн айтат. "Айзат Болотбек" ютуб каналына хайп жараткан видеосу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Бул долбоордун автору мен, максатыбыз элдин көңүлүн ачуу болчу. Долбоорду иштеп чыгаардан мурда жылдыздар менен сүйлөшүп, кеңешкем. Эң биринчи коногум шоумен Манас Алыкулов болуп, бир ай мурда тартылган. Андан кийин башкаларга көрсөтүп, долбоорго конок болуп кетүүнү сунуштап жаттым.

Долбоор кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбейт. Биздин видео телеканалдардан көрсөтүлбөйт, кааласаң көрөсүң, каалабасаң көрбөйсүң. Мен долбоорду интернеттеги каналыма жүктөгөндөн кийин катталуучуларым, көрүүчүлөр дагы көбөйдү. Видеонун таралышына көрүүчүлөр өздөрү себепкер болушту. "Бул эмне деген?" деп бир күндө эле жайылтып ийишти", - дейт ал.

Курал мырзаны сынга алып, пикирлерин билдиргендердин арасында Илим Карыпбеков менен Бердибек Жамгырчиев да бар. Артист Бердибек Жамгырчиев менен сүйлөшкөнүн, ал эми Илим Карыпбековду тааныбай турганын билдирет.

Ырчы буга чейин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Бул боюнча ал "эгер сыйлыкты кайтарып алыш керек деген чечимге келсеңер кутучасына салып берем, мен ага кармалгым келбейт" дейт.

Ошондой өзүнүн маегинде Курал мырза телеканал, радиолор менен кызматташууну токтоторун, интернет өнүккөн заманда бул нерселер натыйжалуу эмес экенин кошумчалады.

Ал эми "Марал" радиосу ырчы менен кызматташууну токтотуп, радионун фонотекасынан ырлары өчүрүлүп, бойкот жарыяланарын расмий баракчасына жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
molorbaev
2021-01-09 21:06:35
Денгээли ошончолук эле төмөнбү? Кыла турган болсо, андан башка жакшынакай жумуштар толуп жатат го.
+11
munduz2016
2021-01-09 21:28:29
Акмакчылык.
+8
Raihan0602
2021-01-09 21:32:07
Маданиятыңы уруп ойнобойм дегени го биздин кыргыздын менталитетине туура келбеген жорук.Айтат элем аркаңарда жаш муун өсүп келе жатат аларга үлгү көрсөткөнүңбү Курал бул кылганың элди иренжитти башка бир жакшы нерсе ойлоп тапсаң болмок.
+10
Dastanali
2021-01-09 22:53:39
Жаштык кылды десе жаш эмессиң, сөз жок сага......
+5
gulam
2021-01-09 22:57:04
Малдар десе, силерди олтуруш керек айбандар.
+5
Asmat84
2021-01-09 23:07:50
Сөз жок экен бул шумшукторго кайран гана сыйлыктар ушуларга бергенден көрө эшеке тагып койгон оң
+9
Nursul
2021-01-10 09:59:04
Ит эле болдуң окшойт курал,
+1
Taalai-bek
2021-01-12 08:21:52
Кыргыздын Куралына айланбай эле сен болсо Убалына айландың.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан