
Чет элдик долбоорду кайталайм деп элдин сынына кабылган ырчы Курал Чокоев кайрылуу жасады. Анда ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтат.
"Өтө хайп болуп жатканыбызды көрүп, угуп жатасыздар. Бул долбоор пилоттук болгондуктан көп катачылыктарыбыз бар, моюнга алабыз, сөгүнүү өтө аша чаап кеткен. Айтылып жаткан сындардын баарын кабыл алабыз. Бул долбоорду тартууну уланта беребиз, токтобойт. Конокторубузга алдын ала долбоордун эреже, шарттары толук түшүндүрүлөт, каалоочулар гана келет. Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирилбейт. Биздин долбоор 18 жаштан жогоркуларга арналган, видеону көрөрдөн мурда эскертүүлөр айтылат.
Интернетте биздин менталитетке туура келбеген тармактар бар. Мен ойлойм, биздин долбоор өзүнүн көрөрмандарын табат", - дейт ырчы.
Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.