Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кароону кийинки аптада улантуу чечимин кабыл алды. Бүгүн, 3-октябрда Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү аталган маселе боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Көпчүлүк депутаттар "Центерра" менен өкмөттүн сүйлөшүүсүнөн кийин макулдашкан биргелешкен ишкана түзүү чечимин колдобой тургандыктарын айтышты.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.