Кочкордун Кара-Күңгөй айылында шайлоо өнөктүгү аксакалдын батасы менен башталды

Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Кара-Күңгөй айылында дагы шайлоо башталды.

Шайлоо тилкесинде бардык санитардык эрежелер сакталып, алгачкылардан болуп айыл аксакалы келди.

Ал шайлоону баштап берип "өлкө өнүгүп, жерибизде тынчтык болсун" деген батасы менен баштады.

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан