Чет өлкөдөгү биринчи шайлоо тилкеси ачылды

Кезексиз президенттик шайлоонун жана референдум өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 10-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө (Бишкек шаары боюнча түнкү саат 03:00дө ) Южно-Сахалинск шаарында шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Шайлоо тилкеси Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кеңсесинде жайгашкан. Южно-Сахалинск шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде 851 Кыргыз жараны бар. Жалпысынан 48 шайлоо участкасы ачылган.

Бүгүн өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан