Бишкек шаарындагы №1138 шайлоо тилкесинде санитардык нормалар сакталып, добуш берүү өз нугунда уланууда. Добуш берүүгө келген Осмон Бабажанов парламенттик башкарууну тандаганын айтат.
"Бир айдан бери кимге добуш берем деп абдан ойлондум. Дебаттарды калтырбай көрдүм. Татыктуу адамга добуш бердим деп ойлоп жатам. Ал эми референдум боюнча парламенттик башкарууну тандадым. Бизге президенттик башкаруу керек эмес. Көрүп жатабыз го президенттик башкаруудагы өлкөлөрдү. Мен башкаларды да парламенттик башкарууга добуш берүүгө үндөйм", - дейт Бабажанов.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.