Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында добуш берди. Ыйгарым укуктуу өкүл шайлоо тилкесинин салтанаттуу ачылышына катышып, жалпы элди КРнын президентине мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоонун жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун башталышы менен куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, “бүгүн өлкөбүздө тарыхый окуя, тагдыр чечүүчү күн. Элибиз өлкө башчысын жана өлкөбүздө башкаруу формасын тандоонун алдында турат. Учурдан пайдаланып бардык шайлоочуларды жарандык милдетибизди аткарып, шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышууга чакырам. Ошол эле учурда ар бир жаран өзүнүн жана өлкөнүн келечегине зор жоопкерчилик менен карап, туура тандоо жасаарына ишеничибиз зор. Биз, жергиликтүү бийлик жана башка тийиштүү органдар шайлоо өнөктүгүнүн таза, эркин жана калыс өтүүсү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264 түзгөн. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган. Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан