Садыр Жапаров: "Мелис Аспековдун менин шайлоо штабыма тиешеси жок"

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

Президенттик такты үчүн ат салышып жаткан Садыр Жапаров шайлоо тилкелеринин бирине келип, добуш берүү учурунда маалымат каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Анда ага Мелис Аспеков боюнча суроо узатылды.

"Ушундай окуя болгондугу тууралуу мен кечээ уктум. Мейли, ким болбосун менин таанышымбы, өкүлүмбү же бир тууганымбы ушундай кылмыш ишине барган болсо, баары жооп бериши керек. Анткени мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди Жапаров.

Мындан сырткары анын шайлоо штабына Аспековдун тиешеси жок экенин кошумчалады.

Кечээ, 9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйөө менен кармаганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан