Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №10 орто мектепте жайгашкан №1316 шайлоо участогуна саат 10:30да келип добуш берүүгө катышты. Шайлоого Арстан Алай үй-бүлөсү, жубайы жана эки уулу менен келди.
Добуш берүүдөн чыккан соң SUPER.KG порталына пикири менен бөлүштү.
"Мен алдын ала Садыр Жапаров өтөт деп божомолдоп жатам. Касиетим менен дүйнөнү башкарып жатам, башкара берем. Сооронбай Жээнбековду кетет дедим кетти, Атамбаевди соттолот дедим, соттолду. Мен ушинтип эле иштей берем.
Мени коомчулук эмес, дүйнөлүк президенттер дагы президент катары көрбөйт. Мени ааламдан буйрулган адам катары көрүшөт", - деди ал.