Ырчы Акбар Сүйүнбаев "Мезгил" аттуу ырына клип тарттырды

Ырчы Акбар Сүйүнбаев "Мезгил" аттуу ырына жаңы клип тарттырды. Ырдын сөзү Байдылда Сарногоевге , обону Асылбек Өзүбековго таандык. Клип Бишкекте, Ала-Арча жана Кой-Таш айылдарында тартылды. Клиптин идеясы ырчынын өзүнө таандык. Ошондой эле ырчы режиссёрлукту да өзү аркалап, Бек Борбиевдин студиясындагы балдардын жардамы менен тартканын белгилеп өттү. "Клипте Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытов башкы ролду жаратып, айылдан атайын неберелерин чакыртып үй-бүлөсү менен тартылып берди", - дейт ырчы. Жаңы клипти эртеӊ, 4-октябрда SUPER.KG порталынан көрө аласыздар. 

Мезгил
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
derzkiy
2013-10-03 22:00:11
ура, клипти күтөбүз...
+1
zhanka1234
2013-10-03 22:17:41
ушу жоголуп кетти эле го!!
0
Typyskoo
2013-10-04 06:22:19
Женди туруп даярдана бергиле форумчулар!Клип келе жатыптыр пробкада сындалганы!
0
Rolankgb
2013-10-04 07:04:02
Typyskoo, Бугун же эртен келип калат экен талкугааа
0
admin_media
2013-10-04 23:26:37
Саламатсыздарбы! Жогоруда аталган клипти, шилтеме аркылуу кирип көрсөңүздөр болот. http://www.super.kg/media/video/99783
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан