Бүгүн, 4-октябрда Нарында "Мыкты мектеп-2013" сынагынын жыйынтыгы чыгат
Нарын облусундагы М.Рыскулов атындагы академиялык-музыкалык драма театрында бүгүн, 4-октябрда “Мыкты мектеп-2013” жана “Мыкты бала бакча-2013” облустук кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Сынакка облустагы бардык мектептер менен бала бакчалар катышууда. Биринчи орунга ээ болгондорго автоунаа тапшырылыт. Байгеге коюлган автоунаа облусту өнүктүрүү фондунун эсебинен буга чейин сатылып алынган.