
Президенттикке талапкер
Эльдар Абакиров бүгүн №7062 шайлоо участогунда, өзүнүн кичи мекени Кегети айылында добуш берди.
"
Мен Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн эмес, азыркы абалы үчүн добуш бердим. Анткени биз өткөнкү күндөрдөгү абалды көрдүк, өлкөнү азыр оңдоп кетишибиз керек болуп турат", - деди ал.
Ошондой эле Абакиров бүгүн кыргыз эли шайлоого активдүү катышып, өзүнүн тандоосун жасайт деп ишенерин айтты. Мындан сырткары жаштардын, элдин аң-сезими өскөн сайын ошол талапка жооп бере турган бийлик келерин да кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Эльдар Абакиров президенттикке алгачкы ирет ат салышууда. Ал учурда 39 жашта.