Бишкектеги Орусиялык илим жана маданият борборунда 7-ноябрдан 12-ноябрга чейин Кыргызстандагы орус тили күндөрү өтөт. Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты. Кыргызстанда орус тилинен сабак берген мугалимдер үчүн семинар, мастер-класс, ачык сабактар, викторина жана окурмандар арасында сынактар уюштурулат. Программанын алкагында катышуучулар орус тили сабагын заманбап методикалар менен өтүү, жаңы технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Катышуучулар программанын соңунда "Квалификациясын жогорулатты" деген сертификат алышмакчы.