Бүгүн, 14-ноябрда президенттикке талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына дагы 7 жаран арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар: Искендеров Жээнбек Урудинович, 1970-жылы 28-августта төрөлгөн. Бишкек көп тармактуу тоо-кен колледжинин ага окутуучусу;
Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич, 1957-жылы 20-февралда төрөлгөн. "Нарын" ЖЧКсынын башкы директору;
Темишов Базарбай, 1954-жылы 21-февралда төрөлгөн. Пенсионер;
Жумагулов Бактыбек Сатымбаевич, 1976-жылы 26-ноябрда төрөлгөн. Борбордук Азиянын Тынчтык жана Өнүгүү институтунун төрагасы;
Керимбеков Бакыт Макенович, 1961-жылы 7-июлда төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
Елена Сергеевна Клипачева 1979-жылы 21-январда төрөлгөн. Жактоочу;
Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.
Бул көрсөткүч менен өлкөдөгү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 55 талапкер арыз жазды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.