Президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов Бишкек шаарындагы №1062 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоого өзүнүн бир нече тарапташтары менен барган.
Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.