Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам координациялык тобуна 42 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, техникалык жактан добуш сатып алуу жана башка даттануулар түштү.
Бүгүн президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Ага 17 талапкер ат салышууда.