Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо тилкелери 20:00дө жабылып учурда алдын-ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров алдыда келүүдө.
Ал эми президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн штабынан маалымат берип жатып билдирди.
Ал мындан кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып элге эксперимент жасагандар менен аягына чейин күрөшөрүн билдирди. Ал митинг уюштурбай тургандыгын жана оппозиция болорун айтты.