Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катышып жаткандардын бирин дагы колдобой, бош бюллетенди урнага салды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кечээ, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн алкагында, Алмазбек Атамбаев №47 абактан шайлоого катышты. Бул шайлоодо Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкерлердин бирин да колдогон жок. Ал калыстык кылды. Башкача айтканда бош бюллетенди урнага салды. Ал эми башкаруу формасы боюнча ал парламентаризмге добуш берди", - деп жазды Жоошев.