Кыргызстанда интернет колдонуучуларынын саны 3,49 миллионго жетти

Кыргызстанда интернет колдонгондордун саны 3 миллион 493 миң 143 адамга жетти. 2006-жылдан бери өлкөдө интернет колдонуучулардын саны 148,8 эсеге өстү. 2006-жылы өлкөдө 23 миң 480 интернет колдонуучу болгон. Маалымат Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы Кыргызстандын милдеттери боюнча соода саясатынын баяндамасында жазылган. Документте: "Интернет кызматтары Кыргызстандагы телекоммуникация рыногунда тез өнүгүп жатат. Интернетке туташкандардын басымдуу бөлүгү (72 пайызга жакыны) Бишкек шаарында жайгашкан. Аймактардагы интернеттин таралышы жай жана уюлдук байланыштын зоналары аркылуу ишке ашууда",- деп жазылган. 

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан