Орусиянын президенти Владимир Путиндин атактуу "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлүшүн Венесуэланын президенти Николас Мадуро да колдой турганын билдирди. Айтымында, Орусия лидери дүйнөнү Сириядагы согуштан сактап калды. "Бул тарыхый кырдаалда "Нобель" сыйлыгына татыктуу кимдир бирөө эмгек сиңирген болсо, ал - Владимир Путин. Ал Сирия элин коркуткан согуштан сактап калууга жардам көрсөттү",- дейт Мадуро.
Эске салсак, 2-октябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы жана коомдук ишмерлери Путинди "Нобель" сыйлыгына талапкер катары сунуштады. Мамдуманын депутаты Иосиф Кобзондун пикиринде, Орусия ажосу бул наамга АКШ президентине караганда көбүрөөк татыктуу. "Беслан, Түштүк Осетиядагы оор аймактар боюнча биздин президенттин кандай иш жасаганын биз эң жакшы билебиз",- дейт Кобзон.
Ал эми Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттик администрацияда бул маселе талкууланбаганын, Путин эч качан кандайдыр бир сыйлык алайын деген максат менен иштебей турганын айтты.