Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоо аймагында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы Рустам Эминжановдун жолугушуусунан кийин, 20-сентябрдан бери аймактагы коопсуздукту карап турган кыргыз чек арачылары 2-октябрда толук алынды.
Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Бул арада аймакта абал бир топ курчуп барып басылды.