Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды

Экс-премьер министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, эртең, 12-январда Боронов пандемия учурундагы өлкөнүн даярдыгынын алсыздыгы жана анын кесепети жарандардын өлүмүнө алып келгени боюнча Финполго сурак берет.

Каржы полициясынын басма сөз кызматы Бороновдун суракка келишин тастыктап, бирок тергөөнүн эрежесине ылайык кенен маалымат азырынча берилбей турганын билдирди.

Буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булагына таянып, Боронов Республикалык инфекциялык ооруканада коронавирус илдетинен дарыланып жатканын жазган.
Андан кийин Кубатбек Боронов үй-бүлөсү менен коронавирус илдетин жеңип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-01-11 21:35:47
Молодец Сыймык!!! Жооп берсин шалпыйган Бараноп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан