Ысык-Көл. Ак-Суу районунда комузчу Ыбырай Тумановдун айкели орнотулду

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук Маданият үйүнүн алдына комузчу Ыбырай Тумановдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Ак-Суу районунун акиминин орун басары Данияр Арпачиев билдирди. Ы.Туманов жүздөн ашуун күү жаратууга жетишкен. Комузчунун 125 жылдыгына карата тургузулган айкелге 8 миң доллар жумшалганы айтылды. Кошумчалай кетсек, комузчунун юбилейлик мааракеси октябрь айында өзү туулуп-өскөн Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылында өткөрүлмөкчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан