Оштун "Алай" футболдук клубунун ганалык чабуулчусу Жоэль Кожо Бишкектин "Дордой" клубуна өттү. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тастыктады.
"Жоэль Кожо менен бош келишим түзүлдү. Ал клубда 77-номерде ойнойт", - деди Мусаев.
Жоэль Кожо буга чейин "Алай" футболдук клубунда ойноп келген. Ал 2018-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында 27 голу менен мыкты бомбардир аталган.