Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө элек

Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Ал долбоор качан Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө турганы белгисиз экенин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан