Алмазбек Атамбаев Кадамжай районунда Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылышына катышты

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында бүгүн, 4-октябрда белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. “Мен Абсамат Масалиевди жакшы билчүмүн. Ага өз өмүрүнөн элдин бейкуттугу бийик турар эле. Ушундай чынчыл кишилерге учурда мамлекетибиз муктаж болуп турат”,- деди президент. Эстеликтин жасалышына 1,5 миллион сом сарпталыптыр. Салмагы 3 тоннадан ашык. Эстеликти жасоого кеткен каражат А.Масалиев фондунан бөлүнгөн.

Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде туулган. СССРдин Жогорку Кеңешинин X, XI, XII чакырылыштарында, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышында, КРнын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынынын I жана II чакырылышында депутат болуп шайланган. Мамлекеттик ишмер 2004-жылы 31-июлда көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан