"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы" тасмаларынын жаратуучусу Болот Шамшиев көзү тирүү болгондо бүгүн 80 жашка чыкмак

Бүгүн, 12-январда "Кыргыз керемети" учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.
Болот Шамшиев Кыргыз өлкөсүнүн борбор шаары болгон Бишкекте (мурдагы Фрунзе) 1941-жылы 12-январда туулган. 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган. Окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча Лариса Шепитко тарткан "Аптап" кинофильминде башкы каармандын (Кемелдин) ролун аткарган.
Режиссёр алгач 1965-жылы "Манасчы", ал эми 1966-жылы "Чабан" аттуу даректүү фильмдерди тартып, андан кийин айтылуу Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча өзүнүн "Караш-Караш окуясы" аталган алгачкы көркөм фильмин 1968-жылы жаратат. Көп өтпөй, тагыраагы 1971-жылы "Касиеттүү Ысык-Көл" фильмин тарткан. Бул фильмдерине Орто Азия жана Казакстан, бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы байгелер ыйгарылган.
Болот Шамшиев замандаш адамдардын ой-санаасын, мүдөөсүн чагылдырган көйгөйлүү темаларга кайрылып, аларды кинодогу кейипкерлердин ички сезими аркылуу кылдат ачууга, драмалуу терең чиеленишти лирикалык ыкласта берүүгө умтулган.
Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тарткан социалдык-этикалык жана философиялык маанидеги "Ак кеме" фильми 1975-жылы СССР мамлекет сыйлыгы, 1977-жылы Бишкек шаарында өткөн Бүткүл союздук 9-кинофестивалда баш байгеге, Италиянын Торонто шаарында Гран-при сыйлыгына, Чехословакиянын Карлови-Вари шаарында атайын байгеге татыктуу болгон.
1978-жылы "Эл арасында" (Артыкбай Сүйүндүков менен бирге), Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча 1979-жылы "Эрте келген турналар" Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл союздук 13-кинофестивалда 1980-жылы Башкы байге ыйгарылган. 1984-жылы "Бөрү зындан", "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин тарткан.
Эмгек жолу:
  • 1964-1990 - "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр-коюучу;
  • 1989-1995 - Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 1990 - "Салам-Алик" жеке кинокомпанияны негиздеп жетектеген;
  • 1995 - "Манас" эпосунун 1000 жылдыгындагы театрлаштырылган оюн-зооктун башкы режиссёру;
  • 1998-1999 - Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
  • 2000-2002 - Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб эмирлигиндеги консулу.

Үй-бүлөсү:

  • Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев кыргызга белгилүү акын болгон;
  • Апасы - Авина Шамшиева, дарыгер;
  • Биринчи жубайы Айтурган Темирова, актриса;
  • Экинчи жубайы Ая София Шамшиева экономист;
  • Болот Шамшиевдин 2 кыз, 3 уулу бар.

Режиссёр бир топ сыйлыктардын ээси, арасында Кыргыз ССРинин (1975) жана СССР эл артисти наамы да бар (1991).

Болот Шамшиев узакка созулган оорудан улам 2019-жылы 21-декабрда көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан