Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-октябрда Баткен облусунун Кара-Дөбө айылында мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылышына катышты. Анда өлкө башчы Кыргызстандагы шайлоолор туурасында сөз сүйлөдү. “Кыргызстанда мыйзамсыз шайлоолор 1995-жылы башталган. Абсамат Масалиев президенттикке талапкерлигин коюп, түштүк аймагында таза жеңишке жетишкен. Ошол кездеги облустун губернатору бир нече күн шайлоонун жыйынтыктарын айтпай, кийинчерээк “шайлоодо Аскар Акаев утту” деп жарыялаган. Мындай кадамдар жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө терс таасирин тийгизди”,- деди Атамбаев.