Бишкек шаарынын мектептеринде салттуу билим берүү формасын калыбына келтирүү дагы да жылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча кезектеги отурумунда белгилүү болду.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиеванын айтымында, бул маселе өкмөттөгү жыйында дагы да кошумча каралат.
Ал буга чейин шаардын мектептери санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактап, этабы менен иштеп баштоо тууралуу чечим кабыл алгандыгын айтып, буларга токтолду: "Мектепти калыбына келтирүү чечимин жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору жүргүзүшөт, ошондуктан алар жер-жерлерде эпидемиологиялык кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп турушат. Бирок, жыйын учурунда Саламаттыкты сактоо министри мектептердин кадимки режимде окуп баштоосу күмөн жаратып жатканын билдирген. Ошол себептүү бүгүн жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган", - деп билдирди Элмира Иманалиева.
Ошондой эле, ал билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп окуучулары салттуу режимде окуп баштоосу керектигин билдирди.
"Буга биз дагы кызыкдарбыз. Балдар көптөн бери аралыктан окуп жатышат, бул билим сапатына да таасирин тийгизет. Биздин сунуш этабы менен биринчи төрт класстын окуучуларын (1-5-9-11-класстар) окутуп, эки үч жума маниторинг жүргүзүү. Эгерде абал туруктуу болсо, анда башка класстарды дагы салттуу окутуу,"- дейт ал.
Эске салсак, өлкөдө окучуулар онлайн форматка 2020-жылдын 16-мартында өткөн.