Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 252 чет өлкөлүк унаалар аныкталып, анын бешөөсү айып короого токтотулду.
Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1-январдан тартып 7-январга чейин бир апта аралыгында жол эрежесин бузган же каттоо нөөмөтү өтүп кеткен 252 чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү авто унаалар аныкталды.
Алардын ичинен 161 транзиттик номер, 58 Орусиянын номери, 4 Армениянын номери, 6 Азербайжандык номер жана башка 23 чет өлкөлүк номерлүү авто унааларга карата Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин негизинде тиешелүү протоколдор түзүлүп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле 5 чет өлкөлүк номер авто унаанын каттоо нөмөтү өтүп кеткендиги үчүн убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулду.
Коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.