Мурдагы премьер министр Кубатбек Боронов Каржы полициясына сурак берип чыкты. Сурактан кийин ал журналисттердин суроосуна жооп берди.
Бороновдун айтымында, ал суракка күбө катары чакырылган.
"Пандемия боюнча суроолор, тактай турган жагдайлар бар экен. Ошолор боюнча сурак бердим. Толугураак айта албайм, анткени тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу суракта айтылган маалыматтарды ачыктабайм деп кол коюп бердим. Суракка күбө катары келдим, мындан ары чакырбайт деп үмүттөнөм.
Гуманитардык жардам катары келген каражаттар тууралуу отчёттор берилген. Баары ачык айтылган. Ал эми кимге канча каражат бөлүнгөнү боюнча маалыматтарды жарыялабоону жабырлануучулар өздөрү суранган. Ошондуктан бул маалыматтар айтылган эмес", - деди Боронов.
Белгилей кетсек, Кубатбек Боронов суракта 5 сааттан ашык болду. Ал 11:00дө келип, 16:00дөн кийин кетти.