Айыл чарба продукциясын арзан баада сатуу боюнча жарманкелер аймактарда да уюштурулат

Айыл чарба продукциясын арзан баада сатуу боюнча жарманкелер аймактарда да уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

"Азык-түлүктүн жалпы базар баасы көтөрүлүп жаткандыктан, жарманкелерди уюштурдук. Жаңы жылдын алдында уйдун эти 8 миң 200 килограмм сатылды. Ошондой эле ал жарманкеде бир эле күндүн ичинде 133 миң жумуртка сатылды. Ал эми жаңы жылдан кийин 90 миң жумуртка 1 күндө сатылган. Мындан тышкары 9-январда уюштурган жарманкеде 3 миң килограмм уй эти сатылды. Жалпы азык-түлүктөр боюнча жакшы сатып алуулар болуптур. Шаардын тургундары жармекени жакшы кабыл алгандыктан, дагы уюштуралы деп жатабыз. Буюрса эки жумада бир жолу жарманке уюштуруп турууга аракет кылабыз. Жарманке Айыл чарба министрлигинин жанында, Разаков көчөсүндө болот. Бир күндүн ичинде 133 миң жумуртка сатылды. Жаңы жылдан кийин 90 миң жумуртка 1 күндө сатылган. Биз мындай жарманкелерди Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарында уюштурууга тапшырмаларды бердик" , - дейт Токтогазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан