Президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин штабында иштеген медиа менеджер Нурзада Токтогулова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мени суракка чакырышты. Жакшы, мындан эмне чыгарын көрөбүз", - деп жазып чакыруу кагазынын сүрөтүн жүктөдү Токтогулова.
Нурзада Токтогулова 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкер болгон УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин штабында иштеген.