"Ооруканадан чыктым. Ден соолугум жакшы, акыркы тамчылатма дарым калды" дейт Сыймык Жапыкеев

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Сыймык Жапыкеев ооруканадан чыкты. Ал журналисттерге азыр ден соолугу жакшы экенин айтты.

"Ден соолугум жакшы. Ооруканадан чыктым. Акыркы тамчылатма дарым калды, азыр ошону алганы ооруканага кетип жатам", - деди Жапыкеев.

Ал эми Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур Жапыкеев кечээ, 11-январь күнү жумушка чыкканын билдирди.

Төрага кант диабети менен жабыркап ооруканага жаткырылганы 4-январь күнү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2021-01-12 20:57:48
Сакайып кет,элге кызматың керек.
+2
Kari
2021-01-13 00:16:29
Сыймык,тезирээк айыгып,озуну да кара.Сенин алдында али коп жумуштарын бар.Сага ишенебиз,ак,таза иштеп Кыргыз элине кооп кызмат кыласын буюрса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан