Акыркы мал санагы боюнча статистикада ири мүйүздүү малдын 1 миллион 680 миң 750 башы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.
"Жалпы катталгандардын ичинен 835 миң 270 уй, 6 миллион 266 миң 739 кой жана эчкинин башы катталса, анын ичинен 801 миң 133 баш эчки. Жылкылардын саны 522 миң 611. Үй канаттуулары 6 миллион 211 миң 184. Анын ичинен 4 миллион 821 миң 642 миң тооктор. Мал башы боюнча көлөмү жагынан жакшы өсүштү каттап жатабыз. Ири мүйүздүү малдардан 3,3 пайыз өсүш. Кой-эчкилердики 1,6 пайыз өсүштү каттадык" , - дейт министр.