Ош. Облустар аралык балдар ооруканасы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 4-октябрда Ош облустар аралык балдар ооруканасы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи. Аталган оорукана 1963-жылы 7-мартта алгач 100 орундуу болуп ачылып, өз ишин баштаган. Убакыттын өтүшү менен кеңейтилип, учурда оорукана 520 орунга ылайыкташтырылган. Оорукананын башчысы Абдисалим Анарбаев алгач чыгып сөз сүйлөп, кызматкерлерди куттуктады. Мындан сырткары иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, саламаттыкты сактоо тармагынан өкүлдөр катышты. Орусия мамлекети медициналык мекемелер үчүн гранттык негизде бөлгөн акча каражатынын эсебинен учурда аталган мекемеде суу түтүктөрү алмаштырылып жаткандыгын белгиледи Анарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан