1 жарым жашар Али балалыктын бактылуу учурларын ооруканада оору менен алышып өткөрүп жаткан чагы. Учурда ал Бишкектеги балдар онкологиясында дарыланууда. Ага 4 ай мурда кандын рагы деген диагноз коюлган. Ага чейин да наристе бир нече илдет менен алышып келген. Алинин дартын дарылоо үчүн аны чет өлкөгө алып баруу керек, бирок ага көп суммадагы акча талап кыларын апасы айтат.
Операцияга 70 миң АКШ доллары керек...
- Үч балам бар. Али эң кенжеси. Төрөлгөндө жакшы эле төрөлгөн, кийин бир жак тарабы иштебей ДЦП экенин билдик. Төрт ай мурда дарыгерлер кандын рагы деген диагноз коюшту. Аны биздин өлкөдө дарылоо мүмкүн эмес экен. Чет жакка алып баргыла деди. Ал жакка алып баруу үчүн операцияга 70 миң АКШ долларын табышыбыз керек. Өзүмдө мындай сумма жоктугунан улам кайрымдуу элден жардам суроого аргасыз болдум.

Жалгыз бой эне үч баласы менен батирде жашайт
- Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок балам ооругандан бери такыр иштей албай калдым. Себеби ооруканага көп жатабыз. Үч балам бар, эки уул, бир кыз. Жолдошум менен Али боюмда бар кезде ажырашып кеткенбиз. Ошол боюнча эч кандай жардам деле берген жок. Алинин оорусу тууралуу деле айткам. Бирок келип көрүп койгонго жарабады. Балдарым менен ижарада батирде жашайм. Учурда ата-энем, жакындарым каралашып турат.
Алиге агасы же эжеси донор болот...
- Алиге бир туугандары донор болот. Кызым 5 жашта, уулум 3тө. Эгер алардын каны туура келбей калса донор таап, аны сатып алууга туура келет экен. Туура келбей калса сатып алганыбыз менен, 150 миң доллардай акча керек болуп калат экен. Издеген каражатыбыз чогулуп, бир туугандарынын эле каны туура келип калса экен деп тилеп жатам.

Кайрымдуу адамдардын жардамына муктажбыз...
- Балаң ооруп, кыйналып турса жардам бере албаганыңдан өткөн оор нерсе жок экен. Оорусун өзүңө алгың келет, бирок колдон келбейт экен да. Оорусунан айыгып, башка балдардай болуп эле ойноп-күлүп чоңойсо деп тилейм. "Көп түкүрсө көл болот" дейт эмеспи, кайрымдуу адамдар көп деп ойлойм. Жок дегенде 20, 50 сомдон болсо да балама жардам берүүңүздөрдү өтүнөм.
Алиге жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Элкарт: 9417039449583828 MBank, Элсом : 0700 09 16 23
Түркиядан жардам берүүнү каалагандар үчүн: TR: 320001200124300001153816 USD: 84080000985