Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программасы боюнча талкуу жүргүздү. Ага ылайык, долбоордун авторун жана ага конок катары катышкан Кайрат Примбердиевге карата чараларды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда министрликтин маалымат кызматынан маалымдашты.
Министрликтин кабыл алган чараларына ылайык, Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча министрликтин сунушу президенттик аппаратка расмий жөнөтүлдү.
Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга аты аталган ырчыларды белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.
Кайрат Примбердиев орусиялык "Главная сцена" телешоусу менен "Голос" теледолбооруна финалчысы.
Ал 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Эске салсак,
Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылган. Чуулгандуу долбоорго конок болгондордун арасында Кайрат Примбердиев дагы болгон. Программанын маек төрүнө келген шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн
пикирлерин билдиришкен.