Курал Чокоевдин элдин кыжырын келтирген долбоорунун коноктору пикирлерин билдиришти

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунда болууда. Артисттин долбооруна конок катары катышкан шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.

Ырчы мырзанын чуулгандуу долбоорунун эң алгачкы коногу шоумен Манас Алыкулов болгон. Алпаруучу долбоор тууралуу буларды айтат. "Курал Чокоев менен жолдошпуз. Долбоордун максаты тууралуу билгем, билип эле баргам. Бирок видеону монтаждаганда көп учурлар алынбай калган".

Кезектеги маек төргө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев келген.

"Видеону жакшылап карасаңар, анда мен ойду-келди сүйлөгөн эмесмин. Болгону аягында роль аткарып, сөгүнүп койгом. Мен долбоорго тартылууга бара жатканда мынчалык экенин билген эмесмин. Ошол үчүн кечирим сурайм. Курал Чокоевге видеону өчүрүп коюусун айттым. Видео өчүрүлөт. Мен араңыздардан жеке бирөөнү сөккөн жокмун. Эч бир адамдын аброюна шек келтирген жокмун", - дейт ал.

Ал эми Кайрат Кыргыз долбоордун мааниси жок болуп калганын айтат. "Курал Чокоев экөөбүз сүйлөшүп, тамашалашып эле жүрөбүз. Мага тамашалуу долбоор деп айтканынан баргам. Баргандан кийин Куралдан тышкары 3 жигит да бар экен. Анда ар кандай темада сөз болду. Долбоорго теңтуштарды чакырса болмок, анткени бирдей курактагылардын темасы окшош. Менин жашым туура келбей калат экен. Мен Куралга маанисиз болуп калганын айттым", - деди ал.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын жарыялашты. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
nazira...
2021-01-10 16:07:14
Абийиринерди кетирип алдынар, уяты жоктор. Кандай эне тууду экен силерди, жерге киргирлер. Мындай долбоор болгон эмес ушул убакка чейин кыргызда, кандай тарбия көргөнүнөрдү билдирип, озүнөргө өзүнөр чычып алдынар.
+12
Petrovka
2021-01-10 16:43:02
nazira...,Энелер балдарын ушундай адепсиз болсун деп тууп чонойткон жок да. Энелерге сөз тийгизбейли. Тогуз ай сыздап толготуп төрөгөн энелерде эмне күнөө. Баланы торогондо кыял жоругун кошо торобойсун да.
+6
Almazhhhh
2021-01-10 16:23:42
Жазалагыла ушул бойунча калып калбаш керек!
+9
al-abu-kinesz
2021-01-10 16:30:42
Батышты туурагандар ушундай болот
+8
Jibakana
2021-01-10 16:53:30
Эми калп эле бири бирине шылтай башташтыбы? Чокоев негизи жакшы эмес болуп бараткан Эми эч жерге ырдатпай койсо экен
+10
nazira...
2021-01-10 17:52:15
Чокойун тигип калат го эми.
+5
Firdaus7987
2021-01-10 18:04:49
Маданият министри туура чечим кабыл алган.Саны бар сапаты жок ырчыларды ушинтип жок кылыш керек.Кайрат Кыргыз чыкканда Куралдын жанындагы үч бала көк мээ экен.Ошол үчөөнү такыр жолотпош керек шоу бизнеске
+9
sultan_bek
2021-01-11 10:52:15
Жамандап ушактап олтура бергиле. Кыргыздар бироонун артына жамандап суйлогон бобнча чемпионбуз
-6
Alixan-Nookat.2015
2021-01-11 10:53:05
Эми актана бербегиле силердин ырыңарды мамлекеттик, жеке теледен жана радиодон алуу керек ошондой эле концерт койгонго тыюу салуу керек.
+4
Asmat84
2021-01-11 11:17:39
Маданият кызматкерлери деген маданияттуу болуу керек. Элге маданияттуу үлгү болуш керек эле тескерисинче булар элге туура эмес багытка алып баратышат. Бул боюнча калбаш керек наамдарын ажыратып, бүт телерадио бойкот жарыялаш керек
+1
bond
2021-01-11 12:15:03
Фамилия охарактеризует некоторые черты человека. Чокоев.
+2
JaneEr
2021-01-11 12:19:32
Корбогондун коргону курусун...
+3
salman-dastan
2021-01-11 19:18:28
Кайрат Примбердиев озунду скромный алып жургончо "Сен дагы мени сагынганда" деген сыяктуу жагымдуу ырларды ырдап журо бербейт белен, ошол убакта крассавчик болчусун, Азыр эле эмне болуп кеткенсин?((
+1
Nursul
2021-01-11 21:50:49
Бириң өлүп бириң калгыла. Жөн эле убакыт өтүп кеткенден кийин актабай эле койгулачы
+1
arimaz89
2021-01-12 04:48:22
Куураган Чокой өз кызыкчылын жогору коюп(просмотр жыйнайм деп) тиги байкуштардын да убалына калыптыр.
0
Assa0000
2021-01-13 10:31:38
Сойруктор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан