Министр Нуржигит Кадырбеков отставкасын талап кылып жаткандарга жооп берди

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу долбоорунан кийин аны наамынан ажыратуу маселеси көтөрүлүп жатканын билдирген. Ошондой эле ырчынын программасына конок катары келген Кайрат Примбердиевдин Эмгек сиңирген артисти наамын жокко чыгаруу караларын маалымдаган.

Министрдин жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Жарандык көзөмөл комитети отставкасын талап кылып чыкты. Аталган комитет министрдин билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

Ал эми министр Нуржигит Кадырбеков: "Комментарийсиз калтырам. Отставкамды талап кылгандар кыла берсин. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
ruslan868600
2021-01-13 17:24:14
креслодон ким болбосун кандай болбосун оңойлук менен кетиш кыйын
-31
batleybesh
2021-01-13 23:08:07
ruslan868600,Озунду бир карап кор кандай Адам экенинди билип аласын, ушундай так даана айтылган созду тушунбогон тоок экенсин, тоо десе бээ дейсинго!
+2
nazira...
2021-01-13 17:29:32
Чокойу жыртылат го, акмактын. Куралынар адам падам эмес экен.
+29
narynbek2001
2021-01-13 19:48:27
nazira...,
Нуржигит Кадырбековко окшогон молдо чалыш министрлерди бир мечитке алып барып молдо кылып шайлап коюш керек. Азан кыйкырып, элдин тынчтыгын бузуп жата берсин.
-26
ibro80
2021-01-13 17:40:52
Маданият министиринде не күнөө.күнөөнүн баары буларда болуп атпайбы б.а. Куралда.
+28
NURSAPAR
2021-01-13 18:04:52
Иштерине ийгилик Нуржигит. Туура жолдо бара жатасың. Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
+21
ruslan868600
2021-01-13 18:06:16
мен колдойм наамдары алынганын,алардын кылганы өтө начар,айтайын деген оюм негизи жылуу орундукту ким бошоткусу келсин демекчимин.
+8
bbek
2021-01-13 18:46:51
Нуржигит иним конул бурба настроениенди тушурбо маданиятты оркундото бер алга карай журо бер .эмне сен ар бир ырчыны андып журушун керек беле бирок бул сага сабак болсун иним
+16
Shanson
2021-01-13 19:19:07
Татыктуу министр!
Ишине тоскоол болбой жөн журсүн.
Курал менен Кайрат тескерисинче, тентектигин мойнуна алып министрди коргоп чыгышсын.
Ошондо эл өзү кечирет!
+17
Taalaibek.
2021-01-13 19:21:41
Бийликтен кетпейм дегениби?
-17
Egizderim-baktim
2021-01-13 19:29:21
Маданият кызматкери мына ушундай болсо. Азаматсыз ишинизге ийгилик.Озунун маданияттулугун корсотту башкалардай кайым айтышпай.
+13
bakyt78
2021-01-13 20:30:12
Нуржигит Кадырбеков жакшы иштеп жатат. Нуржигит биз сени колдойбуз, АЛГА!
+11
Kari
2021-01-13 23:50:06
Акылдуу ,маданияттуу адамдын создору да уккулуктуу,жагымдуу.Азаматсын Нуржигит.Ишине ийгилик.Жаман коздон,жаман создон Кудай озу сактасын сени.Сен тартипке чакырбасан маданият адамдарын,аларын эшек жайлоого чыгып кетип жатышпайбы.Жаштарга орнок болуунун ордуна согунуп кагынып.Кучтуу адам суроону жоопсуз калтырат дейт эле апам,акыйнек айтышпай.Туура кыласын.Жаштар сени колдойт.
+2
Real_mir
2021-01-14 05:11:38
Кадырбеков го ийгилик
+3
Kadyrova_
2021-01-14 09:46:23
Апеей ушу биз кыргыздар онолбойт окшойбуз иштейм дегенди эле оставкага кетсин дейбиз уурдап жеп ичеерлерди кокуй ушу укмуш иш жасады дейбиз.койгула кыргызым бир эки адамдын кызыкчылыгы деп бүт кыргыз элинин ырыскысына .......лы.
+1
ika8086
2021-01-14 11:40:40
ушул жерде да министрге каршы чыккандар шоу окулдору окшойт чычалайтго баары эле.Ырас болуптур,алсын сыйлыгын эл артисти дегенге татыбаган эле адамдар жетип алды.Ошон учун мээнетсиз сыйлык жукпайт.
+1
Nursul
2021-01-14 15:23:11
Нуржигит Кадырбеков аганы колдойм туура эле кылган жарандык көзөмөл комитети курал алып чыккан видеолорду көрбөй ошол убакта сокур дүлөй болуп калыптырбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан