Арменияда аскерге чакырылгандардын ата-энелери балдарын Тоолуу Карабахта кызмат өтөөгө жибербөөнү талап кылып нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Еревандагы Вазген Саргсян атындагы аскердик университеттин имаратынын астына чогулушту.
"Биздин уулдар Армениянын өзүндө кызмат өтөшү керек. Карабахка алардын эч кандай тиешеси жок. Карабах биздики эмес экендигин түшүнүшүбүз керек. Биз Армениянын жарандарыбыз жана Карабах менен эч кандай байланышыбыз жок.
Карабах Азербайжандын таанылган аймагы экендигин бардыгы билишет. Менин уулумду Карабахка жиберишин каалабайм. Биздин мамлекетте эмне болуп жатат? Биз балдарды өлүмгө жибериш үчүн төрөбөйбүз", - деп ата-энелер нааразылыгын билдиришти.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөп жаткандыгы тууралуу маалымдалган.