Эртең, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Буга карата шаарда бир катар иш-чаралар болору күтүлүүдө. Саат 10го жакын шаарга курула турган эстакадалык көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи, андан кийин Исакбек Монуев көчөсүнө уланып курулган жолдун ачылышы болот. Мындан сырткары саат 18:00дө өчпөс оттун жанында шаардагы мектептерге берилчү 150 компьютерди жана "Алай" футболдук командасына автоунаа тапшыруу аземи болот. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары, коноктор катышат. Андан соң борбордук аянтта концерттик программа майрамды улантат.