Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барат. Тагыраагы, ырчы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен соттошуп, утуп алды. Бул тууралуу аталган министрлик тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, эми ал Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан.
Ал эми 2017-жылы Самара Каримова Оштогу "Сулайман-Тоо" музей комплексине башкы директор болуп дайындалып, коомчулуктун сын-пикиринен кийин өз каалоосу менен кызматты тапшырган.