Депутат Айнуру Алтыбаева архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоору коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максатында редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталганы айтылды.
Депутат Аалы Карашев Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик архив мекемелеринин канчасы талапка жооп бербей тургандыгын так көрсөтүү керектигин белгиледи. "Көпчүлүгүнүн имараты эски, маалыматтардын сакталышы үчүн кооптуу. Андыктан ачык айтып, аны чечүү жолдору сунушталышы шарт", - деди.