Ысык-Көл. Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы мектеп "Жылдын мыкты мектеби" деп табылды

Ысык-Көл облусу боюнча 2013-жылдын "Мыкты инновациялык мектеби" деп Балыкчы шаарындагы №6 С.Каралаев атындагы орто мектеп табылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, Балыкчы шаарындагы аталган мектеп облустук деңгээлде мыкты мектеп деп аталды. Ошондой эле Балыкчы шаарында жайгашкан №4-орто мектептин окутуучусу Нургүл Шарапова республикалык деңгээлде "Жылдын мугалими-2013" сынагында 1-орунга ээ болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан