Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына анын атын жамынып, опузалап акча талап кылган жарандарды укук коргоо органдары камакка алуусун айтып, билдирүү таратты.
"Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо да дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт", - деп жазылат билдирүүдө.